20.10.2015 № 158 2015-жылдын 19 жана 20-октябрында түшкөн кайрылууларды карап чыгуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына «Республика – Ата Журт» жана «Өнүгүү–Прогресс» саясий партияларынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына мурдагы талапкерлеринен арыздар түшкөн.

Түшкөн арыздарды карап чыгып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19, 43, 46, 60, 61, 65-беренелеринин негизинде, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы төмөнкүлөрдү эске алат:

«Республика – Ата Журт» жана «Өнүгүү–Прогресс» саясий партияларынын талапкерлеринин тизмесиндеги мурдагы талапкерлеринин кайрылууларын карап чыгуунун натыйжасында саясий партиялардын жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн иш-аракеттери, талапкерлердин тизмесин түзүү жана көрсөтүү учурунда, талапкерлердин жана аларды көрсөткөн саясий партиялардын ортосундагы келишимдер жана өз ара милдеттенмелер менен шартталгандыгы жана негизделгендиги аныкталган. Арыздарга талапкерлер тарабынан кол коюлган, бирок датасы көрсөтүлгөн эмес, бул дагы алардын өз ара милдеттенмелеринин жана келишимдердин шарттарында каралган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо тиешелүү участкаларда саясий партияга шайлоочулардын добуштарынын жетиштүү санын камсыз кылуу келишимдердин кийинкиге калтыруу шарты болгон. Мыйзам жагынан саясий партиялар тарабынан талапкерлерди көрсөтүү процессин түз жана кененирээк жөнгө салынышы жактырылат. Саясий партия тарабынан тапшырылган шайлоо участкаларда добуштарды албай калгандарды талапкерлердин тизмесинен чыгарып салуу зарылчылыгы менен байланышкан көйгөйлөр объективдүү жана шексиз боло турган иш, ушуга байланыштуу бул процессти жөнгө салуу үчүн ченемдик укуктук базаны түзүү азыркы учурда актуалдуу маселе болуп саналат.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси П.П. Баженовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                      Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2015-жылдын 20-октябры

№ 158