№ 14 Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына “Кыргызстан” саясий партиясынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
“Кыргызстан” саясий партиясы тарабынан Ош аймактык шайлоо комиссиясына берилген талапкерлердин тизмеси жана талапкерлердин арыздары дал келбегендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, талапкерлердин тизмесин жана талапкерлердин арыздарын тактап берүүнү “Кыргызстан” саясий партиясынан талап кылган.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2016-жылдын 10-апрелинде (чыг.№3) “Кыргызстан” саясий партиясынан талапкерлердин такталган арыздары менен Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө такталган сунуш түшкөн.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Кыргызстан” саясий партиясынын 2016-жылдын 10-апрелиндеги (чыг.№3) такталган сунушу канааттандырылсын.
2. “Кыргызстан” саясий партиясынын чечимин жана талапкерлердин арыздарын канааттандыруу жөнүндөгү Ош аймактык шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 31-мартындагы №19/2 чечиминин талапкерлердин кезектүүлүгүн өзгөртүү боюнча бөлүгү жокко чыгарылсын.
3. “Кыргызстан” саясий партиясынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесиндеги кезектүүлүгүнө төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Анарбаев Султанбек Сатывалдиевич- №1 ден №26 га;
- Туленбаев Эмиль Советбекович - №26 дан №1 ге;
- Калмаматов Бакалбай Айтиевич - №2 ден №11 ге;
- Аматбеков Мирлан Толонбаевич - №11 ден №2 ге;
- Кадырбек кызы Нуркыз - №3 төн №14 гө;
- Тажибаев Жыргалбек Дүйшеевич - №14 төн №3 гө;
- Жумабаев Үсөн Момушевич- №4 төн №18 ге;
- Омуралиев Эльмира Бакировна - №18 ден №4 кө;
- Мажитова Озатхан Махамаджановна - №6 дан №10 го;
- Бердибаев Нурлан Халмухамедович - №10 дон №17 ге;
- Алимбеков Нурзаман Карыевич - №17 ден №6 га;
- Жолдошов Мелс Абдыбапович - №7 ден №31ге;
- Касымов Равшанбек Осмоналиевич - №31 ден №7 ге;
- Орунбаев Хусан Адахамжанович - №8 ден №32 ге;
- Нариев Жаныбек Абдивалиевич - №32 ден №8 ге.
4. “Кыргызстан” саясий партиясынан Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесине ушул чечимдин 1,2- пунктуна ылайык, өзгөртүүлөр киргизилсин. “Кыргызстан” саясий партиясынан депутаттыкка катталган талапкерлеринин тизмеси, киргизилген өзгөртүүлөр менен, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын (тиркелет).
5. Бул чечимдин көчүрмөсү Ош аймактык шайлоо комиссиясына, “Кыргызстан” саясий партиясына жиберилсин.
6. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары А.Р. Джолбуновго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ