31.07.2015 № 14 «Бир Бол» Мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
«Бир Бол» Мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу тууралуу билдирүүсүнүн жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 1, 2, 3, 4, 5 жана 19-бөлүктөрүнүн негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 3, 18-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. «Бир Бол» Мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Намазова Бурул Тилековна катталсын.
2. «Бир Бол» Мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясынын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Аширалиева Чолпон Майрамбековна катталсын.
3. «Бир Бол» Мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясынын катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерди кабыл алуу, аларда камтылган маалыматтардын аныктыгын текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Азиз Канатбекке жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015-жылдын 31-июлу
№ 14