03.10.2015 № 143 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө даярдыктын жүрүшүндө келип түшкөн арыздар жана даттануулар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө даярдыктын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – БШК) шайлоону белгилеген күндөн тартып, тагыраак айтканда, 2015-жылдын 25-июлунан 2-октябрына чейин баары 144 даттануу жана арыз келип түштү, алардын ичинен айрым арыздар сотко каралып, ошого жараша тийиштүү чечимдер кабыл алынган.
Шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна карата түшкөн арыз жана даттануулар төмөнкүдөй болуп топтоштурулду: шайлоочулардын тизмесинен шайлоочулардын чыкпай калышы; шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү иштеринин бузулушу, шайлоо алдындагы үгүт иштеринде каржылоо эрежелеринин бузулушу, жарандардын жана талапкерлердин шайлоо укуктарын эркин ишке ашышына тоскоолдуктарды кылуу, шайлоочулардын добуштарын сатып алуулар жана башка бузуулар.
Белгиленген мезгил ичинде келип түшкөн бардык арыздар жана даттануулар, арыздарды жана даттанууларды кароо боюнча жумушчу топ карап чыккандан кийин айрымдарына Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдерди кабыл алган. Айрым арыздар жана даттануулар мотивдештирилбеген жана далилдери жок келген, айрым арыздар башка мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарына тийиштүү арыздар болгон.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
- Сунуш кылынган маалыматтар маалымат катары кабыл алынсын. Башка мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарына кирген арыздар жана даттануулар тийиштүү органдарга жөнөтүлсүн.
- Арыздар, даттануулар жана кайрылуулар боюнча жазылган жооп каттардын долбоорлору бекитилсин.
- Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Аталган чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 3-октябрь 2015-жыл
№ 143