28.09.2015 № 117 Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн эрежелерин бузгандыгы үчүн Бишкек шаарынын мэри К. Кулматовго эскертүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефендум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына “Республика-Ата Журт” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Е.Дж.Джилкичиевадан кайрылуу келип түшкөн. Кайрылууда “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 15-пунктун бузган Бишкек шаарынын мэри К.Кулматовдун аракеттерине укуктук баа берүү өтүнүчү менен кайрылган.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-28-беренелерине ылайык жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

  1. Бишкек шаарынын мэри К. Кулматовго шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы үчүн эскертүү берилсин.
  2. Бул чечимдин көчүрмөсү Бишкек шаарынын мэриясына жөнөтүлсүн.Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Н.А. Ашимовага жүктөлсүн. 

 

ТӨРАГА                                                                           Т. АБДРАИМОВ 

 

Бишкек ш., 2015-жылдын 28-сентябры

№  117