26.09.2015 № 111 «Аргументы и Факты Кыргызстан» газетасына шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн эрежелерин бузгандыгы үчүн эскертүү жөнүндө
«Аргументы и Факты Кыргызстан» газетасынын 2015-жылдын 22-сентябрдагы № 39 (1820) санында «Бир Бол» мамлекеттик биримдик жана патриоттуулук саясий партиясынын талапкери И.В.Чудинов менен болгон дилмаек жарык көргөн. Бул басылмада Россия Федерациясынын Президенти менен түшкөн сүрөт пайдаланылган. «Аргументы и Факты Кыргызстан» газетасынын билдирүүсүнө ылайык бул сүрөт өзүнүн демилгеси боюнча жаңылыштык менен жайгаштырылган.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11, 22-28-беренелерине ылайык жана «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
- Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы үчүн «Аргументы и Факты Кыргызстан» газетасына эскертүү берилсин.
- Саясий партиялар, массалык маалымат каражаттары, интернет булактары жана маалымат агенттиктери шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө башка мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин катышуусундагы фото- жана видеоматериалдарды колдонууга тыюу салынгандыгы тууралуу маалымдалсын.
- Бул чечимдин көчүрмөсү «Аргументы и Факты Кыргызстан» газетасына жана катталган саясий партияларга жөнөтүлсүн.
- Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн.
Төраганын
орун басары А. Шайымкулова
Бишкек ш., 2015-жылдын 26-сентябры
№ 111