22.11.2012 Чечим № 17
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,15-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧТИ:
- Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссиялары үчүн добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралу протоколдор “Континет” ЖЧК басмаканасында 406 даанада түстүү кагазда басылсын.
- Бул чечим “Эркин Тоо” газетасында жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
- Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С. Султановго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш, 2012-жылдын 22-ноябры