18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 16-беренесинин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 4-пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧТИ:

  1. Көз карандысыз IT эксперттердин бардык кошумчаларын эсепке алуу менен “Infodesk” ЖЧКсы тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларын эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырма бекитилсин.

2. Баштапкы коддорду (системанын баштапкы тексттерин) кабыл алуу боюнча төмөнкүдөй курамда комиссия түзүлсүн: комиссиянын төрагасы – Р. Бекбасаров, комиссиянын мүчөлөрү – Г. Джурабаева, И. Кадырбеков, Н. Давкина, А. Акимбаев.

3. Комиссия баштапкы коддорду кабыл алууну 2012-жылдын 1-августуна чейин уюштурсун.

4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Г.К. Джурабаевага жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                                         Т. АБДРАИМОВ

 Бишкек ш. 2012-жылдын 18-июлу