06.08.2013 ЧЕЧИМ № 13
2013-жылдын 17-июлунда өткөрүлгөн Чуй облусунун Сокулук районуна караштуу Новопавловка айыл өкмөт башчысына талапкер К. Б. Бешимбаевден шайлоо бюллетенине чекит белгилери коюлгандыгын аныктоо үчүн шайлоо бюллетендери чапталган конвертти ачуу жөнүндө өтүнүч арыз менен кайрылган. Арыздын негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) тарабынан жумушчу топ түзүлгөн.
Жумушчу тобунун Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу шайлоо бюллетендерди ачпоо жөнүндө берген сунушун талкуулап (тактама тиркелет), «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, 14-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктун жетекчиликке алып, Борбордук шайлоо комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛДЫ:
1. Чуй облусунун Сокулук районуна караштуу Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу шайлоо бюллетендери бар мөөрлөнүп чапталган конверти ачылбасын.
2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
3. Бул чечимдин аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 6-августу