08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 22-пунктуна, 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 2-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларын эсептөөнүн Бирдиктүү системасын түзүүнүн жана колдонуунун тартиби жөнүндө” жобону бекитүү тууралу” 2012-жылдын 31-январындагы № 23 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларын эсептөөнүн Бирдиктүү системасын түзүүнүн жана колдонуунун тартиби жөнүндө” жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Социалдык Фондусу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын тизмесинин сапатын жогорулатуу жана шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу үчүн 2012-жылдын
1-июлуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына төмөнкүдөй маалыматтарды берсин:
- Кыргыз Республикасынын Социалдык Фондусу республиканын шаарларынын жана облустарынын тилкесинде, фамилиясын, аты-жөнүн (Ф.А.А.), туулган күнү жана паспортунун жеке номерин (ПИН) камтыган шайлоочулар жөнүндө маалыматты;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы берилген паспорттордун ПИН-номерлери, туулган күнү жана Ф.А.А. жөнүндө маалыматты.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна шайлоочулардын ПИН – номерлерин тактоо маселеси боюнча Социалдык фонддун аймактык бөлүмчөлөрүнө көмөк көрсөтүү тууралу кайрылуу жолдонсун.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар менен биргеликте шайлоочулардын тизмесин тактоону берилген маалыматтардын негизинде уюштурсун.
4. Бул чечим «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Г.К. Джурабаевага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
2012-жылдын 8-июну