06.12.2012 ЧЕЧИМ №32 Талас облусунун Бакай-Ата аймактык шайоо комиссиясынын № 6066 шайлоо участкасы боюнча шайлоочулардын добуштарын кайталап саноо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Бакай-Ата районунун № 6066-Шадыкан шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду түзүүдө ылайык келбөөлөргө арыздар жана добуштарды кайталап саноону жүргүзүү жөнүндө өтүнүчтөр келип түшкөндүгүнө байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧТИ:
1. Талас облусунун Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясы № 6066 шайлоо участкасында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүнүн, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын жана катчысынын, саясий партиялардын, талапкерлердин, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн милдеттүү түрдө катышуусу менен добуштарды кайталап санасын.
2. Бул чечимдин көчүрмөсү Талас облусунун Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2012-жылдын 6-декабры