06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Ош облусунун Өзгөн районунун прокурору С.К. Мамыровдон 2012-жылдын 6-ноябрында келип түшкөн (09.11.12-ж. кир. №03-1/13-1401) Куршаб көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкер Каримов Бекболотту кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө сунуштамасын карап чыгып, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧТИ:
1. Куршаб көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкер Каримов Бекболотту кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Ош облусунун Өзгөн районунун прокурору С.К. Мамыровдун 2012-жылдын 6-ноябрдагы сунуштамасына макулдук берилсин.
2. Бул чечимдин көчүрмөсү Ош облусунун Өзгөн районунун прокуратурасына жана маалымат үчүн Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.
3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси
М.С. Султановго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш, 2012-жылдын 6-декабры