26.10.2021 №987 «Улуу-Журт» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө

 

2021-жылдын 25-октябрында «Улуу-Журт» саясий партиясы мурда сунуш кылган, финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жөнүндө, жана финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары К. А. Акматованы дайындоо жөнүндө билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын  19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 5-сентябрындагы № 464 чечими менен «Улуу-Журт» саясий партиясынын финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары катталган Жолоева Жумагул Бообековнанын каттоосу жокко чыгарылсын.

2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, «Улуу-Журт» саясий партиясынын финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Жолоева Жумагул Бообековнага берилген № 214 каттоо ырастамасы анык эмес деп таанылсын.

3. «Улуу-Журт» саясий партиясынын финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Акматова Кыял Асанбековна катталсын.

4. «Улуу-Журт» саясий партиясынын катталган ыйгарым укуктуу өкүлүнө бекитилген үлгүдөгү каттоо ырастамасы берилсин.

5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.

6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 26-октябры

987