24.08.2020 № 93 2020-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун коргоону камсыз кылуу боюнча аракеттер

2020-жылдын 4-октябрындагы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун коргоону камсыз кылуу боюнча аракеттеринин алгоритми тууралуу

 

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 2-июлундагы ПЖ № 139 Жарлыгы менен 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун сактоону камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. 2020-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун коргоону камсыз кылуу боюнча аракеттеринин алгоритми тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул чечимдин көчүрмөсү аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жеткирилсин.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                                                  Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 24-августу

93