24.10.2021 №915 Кожокеев Акылбек Алмарбековичти №30 Ысык-Ата шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
Кожокеев Акылбек Алмарбековичти
№30 Ысык-Ата шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо өзүн өзү көрсөтүү тартибинде №30 Ысык-Ата шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары Кожокеев Акылбек Алмарбековичти каттоо үчүн берген документтеринин негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Кожокеев Акылбек Алмарбековичти №30 Ысык-Ата шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер болуп катталсын.
2. № 30 Ысык-Ата шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кожокеев Акылбек Алмарбековичге белгиленген үлгүдөгү күбөлүгү берилсин.
3. Бул чечим «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ Т. ШАЙНАЗАРОВ
Бишкек ш., 2021-жылдын 24-октябры
№ 915