24.08.2020 № 90 «Адам-Демократ» саясий партиясынын билдирүүсү жөнүндө
«Адам-Демократ» саясий партиясынын билдирүүсү жөнүндө
2020-жылдын 21-августунда «Адам-Демократ» саясий партиясы шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу жана мурда дайындалган шайлоо боюнча жана каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө билдирүүсү келип түштү.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. «Адам-Демократ» саясий партиясы 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоосуна катышуудан баш тартуу тууралуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө билдирүүсү эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 9-июлундагы № 43 чечими менен катталган «Адам-Демократ» саясий партиясынан Дунганаева Эльмира Эрнисовнанын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары, Сакеева Гулай Ишеновнанын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары каттоолору жокко чыгарылсын.
3. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, «Адам-Демократ» саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Дунганаева Эльмира Эрнисовнага берилген № 55, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Сакеева Гулай Ишеновнага берилген № 56 каттоо күбөлүктөрү анык эмес деп таанылсын.
4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.
5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчисинин орун басары Б. С. Кадыровго жүктөлсүн.
Төрага Н. Шайлдабекова
Бишкек ш., 2020-жылдын 24-августу
№ 90