21.08.2020 № 88 «Чоң казат» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
«Чоң казат» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
2020-жылдын 19-августунда «Чоң казат» саясий партиясы мурда дайындалган шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жана шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Рысмендеева Алия Базарбаевнаны дайындоо жөнүндө билдирүүсү келип түштү.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы төмөндөгүдөй
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 7-июлундагы № 21 чечими менен катталган «Чоң казат» саясий партиясынан Турдалиев Азамат Чинтемировичти шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары каттоосу жокко чыгарылсын.
2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, «Чоң казат» саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Турдалиев Азамат Чинтемировичке берилген № 13 каттоо күбөлүгү анык эмес деп таанылсын.
3. «Чоң казат» саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Рысмендеева Алия Базарбаевна катталсын.
4. «Чоң казат» саясий партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Рысмендеева Алия Базарбаевнага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.
6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А. Эшимовго жүктөлсүн.
Төрага Н. Шайлдабекова
Бишкек ш., 2020-жылдын 21-августу
№ 88