21.08.2020 №85 «Улуу-Журт» саясий партиясынын билдирүүсү жөнүндө

«Улуу-Журт» саясий партиясынын билдирүүсү жөнүндө

 

2020-жылдын 20-августунда «Улуу-Журт» саясий партиясы шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу жана мурда дайындалган шайлоо боюнча жана каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө билдирүүсү келип түштү.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. «Улуу-Журт» саясий партиясы 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоосуна катышуудан баш тартуу тууралуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө билдирүүсү эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 7-июлундагы № 31 чечими менен катталган «Улуу-Журт» саясий партиясынан Ашым уулу Самарбекти шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары, Орозбаев Мирлан Кубатбековичти каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары каттоолору жокко чыгарылсын.

3. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, «Улуу Журт» саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Ашым уулу Самарбекке берилген № 33, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Орозбаев Мирлан Кубатбековичке берилген № 34 каттоо күбөлүктөрү анык эмес деп таанылсын.

4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.

5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси  А. Эшимовго жүктөлсүн.

 

 

                Төрага                                                                  Н. Шайлдабекова

 

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 21-августу

№ 85