22.10.2021 № 838 №25 Аламүдүн шайлоо округу боюнча  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Момонкулов Талгат Мелисовичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө

№25 Аламүдүн шайлоо округу боюнча  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Момонкулов Талгат Мелисовичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө

2021-жылдын 21-октябрында №25 Аламүдүн шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Момонкулов Талгат Мелисовичтин мурда сунуш кылган, финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жөнүндө жана шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Муралиева Асыл Өскөнбековнаны дайындоо жөнүндө билдирди. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө»                           Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 14-октябрындагы №525 чечими менен №25 Аламүдүн шайлоо округу боюнча                                                 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Момонкулов Талгат Мелисовичтин финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары катталган Жунушов Талант Айдаркановичтин каттоосу жокко чыгарылсын.

2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, №25 Аламүдүн шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Момонкулов Талгат Мелисовичтин финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Жунушов Талант Айдаркановичке берилген № 271 каттоо ырастамасы анык эмес деп таанылсын.

3. №25 Аламүдүн шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Момонкулов Талгат Мелисовичтин финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Муралиева Асыл Өскөнбековна катталсын.

4. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлүнө бекитилген үлгүдөгү каттоо ырастамасы берилсин.

5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                       Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 22-октябры

№ 838