10.08.2020 № 70 «Ыйман Нуру» адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө
«Ыйман Нуру» адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө
2020-жылдын 6-августунда «Ыйман Нуру» адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясы мурда сунуш кылган шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жөнүндө жана шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Мурзакулов Бекболот Муктарбековичти дайындоо жөнүндө билдирүүсү келип түштү.
2020-жылдын 7-августунда «Ыйман Нуру» адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясы мурда сунуш кылган каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жөнүндө жана каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Кубанычбеков Кайрат Кубанычбековичти дайындоо жөнүндө билдирүүсү келип түштү.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы төмөндөгүдөй
ЧЕЧТИ:
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 10-июлундагы № 60 чечими менен катталган «Ыйман Нуру» адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынан Эрмаматова Сюита Эрмаматовнаны шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары, Муратбек кызы Айперини каржы маселелери боюнча каттоолору жокко чыгарылсын.
- Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, «Ыйман Нуру» адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Эрмаматова Сюита Эрмаматовнага берилген № 88, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Муратбек кызы Айпериге берилген № 89 каттоо күбөлүктөрү анык эмес деп таанылсын.
- «Ыйман Нуру» адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Мурзакулов Бекболот Муктарбекович катталсын.
- «Ыйман Нуру» адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Кубанычбеков Кайрат Кубанычбекович катталсын.
- «Ыйман Нуру» адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынын катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
- Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.
- Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А. Эшимовго жүктөлсүн.
Төрага Н. Шайлдабекова
Бишкек ш., 2020-жылдын 10-августу
№ 70