27.01.2022 №68 Давлянов Дамирбек Тайырбековичти №27 Биринчи май шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
Давлянов Дамирбек Тайырбековичти
№27 Биринчи май шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
2022-жылдын 27-февралына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоодо өзүн өзү көрсөтүү тартибинде №27 Биринчи май шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары Давлянов Дамирбек Тайырбековичти каттоо үчүн берген документтеринин негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Давлянов Дамирбек Тайырбекович №27 Биринчи май шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер болуп катталсын.
2. №27 Биринчи май шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Давлянов Дамирбек Тайырбековичке белгиленген үлгүдөгү күбөлүгү берилсин.
3. Бул чечим «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2022-жылдын 27-январы
№68