06.08.2020 № 67 «Реформа» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө

 

«Реформа» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө

2020-жылдын 6-августунда «Реформа» саясий партиясы мурда сунуш кылган шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жана шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Сүйүндүк уулу Даниярды дайындоо жөнүндө билдирүүсү келип түштү.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы төмөндөгүдөй

ЧЕЧТИ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 10-июлундагы № 59 чечими менен катталган «Реформа» саясий партиясынан Качиева Жибек Анаркуловна шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары каттоосу жокко чыгарылсын.

2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, «Реформа» саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Качиева Жибек Анаркуловнага берилген № 86 каттоо күбөлүгү анык эмес деп таанылсын.

3. «Реформа» саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Сүйүндүк уулу Данияр катталсын.

4. «Реформа» саясий партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Сүйүндүк уулу Даниярга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.

6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А. Эшимовго жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                       Н. Шайлдабекова

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 6-августу

№ 67