27.07.2020 № 62 «Бүткүл жаштар саясий партиясы» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө

 

«Бүткүл жаштар саясий партиясы»

саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө

2020-жылдын 23-июлунда «Бүткүл жаштар саясий партиясы» саясий партиясы мурда сунуш кылган шайлоо жана каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө жана шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Э. Топчубаевди жана каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары А. А. Ахматованы дайындоо жөнүндө билдирди, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы төмөндөгүдөй

 

ЧЕЧТИ:

 

1. «Бүткүл жаштар саясий партиясы» саясий партиясынан Жакшылыков Руслан Жээнтаевичке шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары каттоосу жокко чыгарылсын.

2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, «Бүткүл жаштар саясий партиясы» саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Жакшылыков Руслан Жээнтаевичке берилген № 75 каттоо күбөлүгү анык эмес деп таанылсын.

3. «Бүткүл жаштар саясий партиясы» саясий партиясынан Касымбаев Адилет Кубанычбековичке каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары каттоосу жокко чыгарылсын.

4. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, «Бүткүл жаштар саясий партиясы» саясий партиясынан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Касымбаев Адилет Кубанычбековичке берилген № 76 каттоо күбөлүгү анык эмес деп таанылсын.

5. «Бүткүл жаштар саясий партиясы» саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Топчубаев Эргешбай катталсын.

6. «Бүткүл жаштар саясий партиясы» саясий партиясынан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Ахматова Аделя Абубакировна катталсын.

7. «Бүткүл жаштар саясий партиясы» саясий партиясынын катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

8. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.

9. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партияларды документтерин кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А. Эшимовго жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                  Н. Шайлдабекова

Бишкек ш., 2020-жылдын 27-июлу

№ 62