25.01.2022 №61 №27 Биринчи Май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Тилектешов Улукбек Тилектешовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

 

№27 Биринчи Май шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өзүн өзү көрсөтүү тартибинде талапкер катары көрсөтүлгөн Тилектешов Улукбек Тилектешовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө 2022-жылдын 24-январындагы (кириш № Т-46), түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине, 601-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. №27 Биринчи Май шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн өзү көрсөткөн Тилектешов Улукбек Тилектешовичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Кожоналиев Жениш Барктабасович катталсын.

2. №27 Биринчи Май шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн өзү көрсөткөн Тилектешов Улукбек Тилектешовичтин финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Ниязбаев Рүстөм Кубатбекович катталсын.

3. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамалар берилсин.

4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА             Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2022-жылдын 25-январы

№ 61