14.10.2021 № 541 №19 Токтогул шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Кармышов Тимурлан Апизкановичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

№19 Токтогул шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өзүн өзү көрсөтүү тартибинде талапкер катары көрсөтүлгөн Кармышов Тимурлан Апизкановичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө 2021-жылдын 13-октябрындагы (кириш №К-696) түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине, 601-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. №19 Токтогул шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн өзү көрсөткөн Кармышов Тимурлан Апизкановичтин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Токтогулов Сабыржан Уезбаевич катталсын.

2. №19 Токтогул шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн өзү көрсөткөн Кармышов Тимурлан Апизкановичтин финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Назарбекова Гүлжан Тургуналиевна катталсын.

3. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамалар берилсин.

4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 14-октябры

№ 541