06.01.2021 №5 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунда байкоо жүргүзүү ниети тууралуу коммерциялык эмес уюмдарынын билдирүүсү жана коомдук байкоочуларды каттоо жөнүндө

2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунда байкоо жүргүзүү ниети тууралуу коммерциялык эмес уюмдарынын билдирүүсү жана коомдук байкоочуларды каттоо жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүнд» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-1-беренесин, «Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу»‎ Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 11-декабрындагы №6 Мыйзамын, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы № 226 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоонун тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, коммерциялык эмес уюмдардын 2021-жылдын 5-январындагы (кир.№01-13/38, №01-13/39, №01-13/52, №01-13/60) билдирүүлөрүнүн жана 2021-жылдын 5-январындагы (кир.№01-13/61, №01-13/62, №01-13/63) жолдомолорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоо жана өткөрүү мезгилинде байкоо жүргүзүү ниети тууралуу төмөнкү коммерциялык эмес уюмдардан келип түшкөн билдирүүлөр эске алынсын:

- «Коомар Медиа» коомдук фонду;

- «Kloop Media» (Клооп Медиа) коомдук фонду;

- «Тынчтык фонду» коомдук фонду;

- «Таза Шайлоо Ассоциациясы» Юридикалык жактардын бирикмеси.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоо жана өткөрүү мезгилинде коомдук байкоочу болуп катталсын:

1) «Таза Шайлоо Ассоциациясы» Юридикалык жактардын бирикмесинен:

- Арыков Тимур Дженишбекович,

- Бова Эдир Исмарович,

- Айтбаева Чинара Жээнбаевна;

2) «Тынчтык фонду» коомдук фондунан:

- Даникеев Азим Оскенович.

3. 2-пунктта көрсөтүлгөн катталган коомдук байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

4. Бул чечим аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына 1-пунктта көрсөтүлгөн коммерциялык эмес уюмдардын коомдук байкоочуларын мыйзамда белгиленген тартипте каттоо жана аларга белгиленген формадагы күбөлүктөрдү берүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү үчүн жөнөтүлсүн.

5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                                                  Н .ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 6-январы

№5