13.10.2021 №473 №25 Аламүдүн шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Иманалиев Каныбек Капашовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
№25 Аламүдүн шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өзүн өзү көрсөтүү тартибинде талапкер катары көрсөтүлгөн Иманалиев Каныбек Капашовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө 2021-жылдын 11-октябрындагы (кириш № И-567) түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине, 601-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
- №25 Аламүдүн шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн өзү көрсөткөн Иманалиев Каныбек Капашовичтин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Садыков Нурлан Берикович катталсын.
- №25 Аламүдүн шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн өзү көрсөткөн Иманалиев Каныбек Капашовичтин финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Асанбаева Чынаркул Жумабековна катталсын.
3. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамалар берилсин берилсин.
4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 13-октябры
№ 473