13.10.2021 №467 №35 Ак-Суу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө

2021-жылдын 12-октябрында №35 Ак-Суу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич мурда сунуш кылган, шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жөнүндө жана шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Базакечов Бектур Элүүбаевичти дайындоо жөнүндө билдирди. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 6-октябрындагы №347 чечими менен №35 Ак-Суу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары катталган Тюпеев Руслан Сагынбековичтин каттоосу жокко чыгарылсын.

2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, №35 Ак-Суу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Тюпеев Руслан Сагынбековичге берилген №142 каттоо ырастамасы анык эмес деп таанылсын.

3. №35 Ак-Суу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Базакечов Бектур Элүүбаевич катталсын.

4. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлүнө бекитилген үлгүдөгү каттоо ырастамасы берилсин.

5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

 

        ТӨРАГА                                                                            Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 13-октябры

№ 467