13.10.2021 №462 №5 Ноокат шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары «Альянс» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Сулайманов Алтынбек Турдубаевичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө

№5 Ноокат шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары «Альянс» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Сулайманов Алтынбек Турдубаевичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө

№5 Ноокат шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына «Альянс» саясий партиясынан талапкер катары көрсөтүлгөн Сулайманов Алтынбек Турдубаевичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу 2021-жылдын 12-октябрында (кириш № 01-12/3282) түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 601-беренесинин 3-бөлүгүнүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. №5 Ноокат шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары «Альянс» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Сулайманов Алтынбек Турдубаевичтин 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоосуна катышуудан баш тартуу тууралуу арызы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 3-сентябрындагы №314 чечими менен Сулайманов Алтынбек Турдубаевичтин катталган Ашырбеков Канатбек Ашырбековичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары, Эркинбек уулу Сыргактын финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары каттоолору жокко чыгарылсын.

3. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, Сулайманов Алтынбек Турдубаевичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Ашырбеков Канатбек Ашырбековичке берилген №109 каттоо ырыстамасы, финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Ашырбеков Канатбек Ашырбековичке берилген №110 каттоо ырастамасы анык эмес деп таанылсын.

4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 13-октябры

462