13.10.2021 №461 «Бийлик Элге» саясий партиясынын билдирүүсү жөнүндө

2021-жылдын 12-октябрында «Бийлик Элге» саясий партиясы шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу жана мурда дайындалган шайлоо боюнча жана финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө билдирүүсү келип түштү (кириш № 01-14/3308).

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. «Бийлик Элге» саясий партиясынын 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоосуна катышуудан баш тартуу тууралуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө билдирүүсү эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 2-сентябрындагы №172 жана 2021-жылдын 6-сентябрындагы № 237 чечимдери менен «Бийлик Элге» саясий партиясынан катталган Жумалиев Кубанычбек Боронбаевичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары, Султанбаева Раушан Эмильевнанын финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары каттоолору жокко чыгарылсын.

3. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, «Бийлик Элге» саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Жумалиев Кубанычбек Боронбаевичке берилген №19, финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Султанбаева Раушан Эмильевнага берилген №20 каттоо күбөлүктөрү анык эмес деп таанылсын.

4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.

5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

            ТӨРАГА                                                                              Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 13-октябры

№ 461