01.04.2021 №42 «Бир Бол» Мамлекеттик биримдик жана мекенчил cаясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен Малабаев Медербек Муратбековичти чыгаруу жөнүндө

«Бир Бол» Мамлекеттик биримдик жана мекенчил cаясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен Малабаев Медербек Муратбековичти чыгаруу жөнүндө

 

«Бир Бол» Мамлекеттик биримдик жана мекенчил саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө Малабаев Медербек Муратбековичтен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына түшкөн арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Малабаев Медербек Муратбековичти «Бир Бол» Мамлекеттик биримдик жана мекенчил саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесинен чыгарылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы «Бир Бол» Мамлекеттик биримдик жана мекенчил саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоо жөнүндө» №61 чечиминин талапкер Малабаев Медербек Муратбековичти каттоо бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

 

 

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

 

          ТӨРАГА                                                              Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 1- апрели
42