13.07.2017 №40 2017-жылдын 15-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого коомдук байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-1-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы № 226 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо коомдук байкоочулардын иши, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылдын 15-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине «Адилет» укуктук клиникасы» Коомдук фондусунан Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясындагы коомдук байкоочу болуп Джандаев Эмиль Джолдошбекович аккредитациялансын.
2. 2017-жылдын 15-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине «Жарандык платформа” Коомдук фондусунан Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясындагы коомдук байкоочу болуп Атабаева Мадина Орынтаевна аккредитациялансын.
3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Абдрахматовага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2017-жылдын 13 июлу
№ 40