06.10.2021 №334 «Эмгек» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө

«Эмгек» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө

2021-жылдын 4-октябрында «Эмгек» саясий партиясы мурда сунуш кылган, шайлоо жана финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө, жана шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Узюров Максат Орозбековичти жана финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Омуралиева Мээрим Замирбековнаны дайындоо жөнүндө билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 5-сентябрындагы №203 чечими менен «Эмгек» саясий партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары катталган Узюров Максат Орозбековичтин каттоосу жокко чыгарылсын.

2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, «Эмгек» саясий партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Узюров Максат Орозбековичке берилген №81 каттоо ырастамасы анык эмес деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 5-сентябрындагы №203 чечими менен «Эмгек» саясий партиясынын финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары катталган Омуралиева Мээрим Замирбековнанын каттоосу жокко чыгарылсын.

4. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, «Эмгек» саясий партиясынан финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Омуралиева Мээрим Замирбековнага берилген №82 каттоо ырастамасы анык эмес деп таанылсын.

5.« Эмгек» саясий партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Жумагулова Махабат Сагыновна катталсын.

6. «Эмгек» саясий партиясынын финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Чечейбаев Айбек Канатович катталсын.

7. «Эмгек» саясий партиясынын катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү каттоо ырастамалар берилсин.

8. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

9. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ Т. ШАЙНАЗАРОВ

Бишкек ш., 2021-жылдын 6-октябры

№ 334