03.10.2021 №314 №5 Ноокат шайлоо округу боюнча КР ЖКнын депутаттыгына талапкер катары «Альянс» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Сулайманов Алтынбек Турдубаевичтин

№5 Ноокат шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары «Альянс» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Сулайманов Алтынбек Турдубаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

 

«Альянс» саясий партиясынын 2021-жылдын 1-октябрындагы кезексиз съездинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына бир мандаттуу округдардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө №3 чечиминин, №5 Ноокат шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Сулайманов Алтынбек Турдубаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө 2021-жылдын 1-октябрындагы арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине, 601-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1 №5 Ноокат шайлоо округунан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Сулайманов Алтынбек Турдубаевичтин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Ашырбеков Канатбек Ашырбекович катталсын.

2. №5 Ноокат шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Сулайманов Алтынбек Турдубаевичтин финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Эркинбек уулу Сыргак катталсын.

3. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамалар берилсин.

4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                                                 Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 3-октябры

314