31.12.2024 №328 Шумкар-Уя айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер А. Тургунбай уулунун арызы жөнүндө
Шумкар-Уя айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер
А. Тургунбай уулунун арызы жөнүндө
2024-жылдын 16-декабрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары - Борбодук шайлоо комиссиясы) Талас облусунун Шумкар-Уя айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер Тургунбай уулу Аскаттын арызы келип түшкөн.
Арызда А. Тургунбай уулу Талас аймактык шайлоо комсиссиясынын 2024-жылдын 13-декабрындагы №14 – чечими менен макул эместигин жазып, аны жокко чыгарууну талап кылган.
2024-жылдын 31-декабрында Борбодук шайлоо комиссиясы Талас аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы А.А. Кенжегулова, Б.Б. Бакытбеков жана арыз ээси А. Тургунбай уулунун катышуусунда арызды карап чыкты.
Шумкар-Уя айылдык кеңешинин Сасык-Булак №6095 шайлоо округунан бош калган депутаттык мандат пайда болгондугуна байланыштуу Талас аймактык шайлоо комиссиясы бош калган депутаттык мандатты өткөрүп берүү маселесин кароодо, кийинки талапкерлер Тургунбай уулу Аскат жана Бакытбеков Баккелди Бакытбековичтер бирдей 215 добушка ээ болушканы белгиленген.
Мындай учурда, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамынын62-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, “Талапкерлер добуштардын бирдей санына ээ болгондо мурда катталган талапкер шайланган болуп эсептелет. Эгерде талапкерлер бир күндө катталган болсо, маселе чүчүкулак өткөрүү жолу менен чечилет.”.
Сасык-Булак №6095 шайлоо округунан талапкерлер А. Тургунбай уулу жана Б.Б. Бакытбековдор Талас аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 24-октябрындагы № 9 – чечими менен, тактап айтканда бир чечим менен катталышкан.
Ушуга байланыштуу, Талас аймактык шайлоо комиссиясы А. Тургунбай уулу менен Б.Б. Бакытбековго 2024-жылдын 12-декабрында чүчүкулак өтөрүү тууралуу билдирүү жана Мыйзамдын 62-беренесинин 4-бөлүгү тууралуу түшүндүрмө (чыг. №26) берген.
Чүчүкулак өткөрүүгө чакырылган талапкер А. Тургунбай уулу чүчүкулак кармоодон баш тартып, келген эмес.
2024-жылдын 13-декабрында Талас аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан бирдей добуш алган талапкерлер Б.Б. Бакытбеков жана А. Тургунбай уулунун ордуна бейтарап жак катары А.К.Табышовдун катышуусунда чүчүкулак өткөрүлгөн.
Чүчүкулактын жыйынтыгы менен Б.Б. Бакытбеков Шумкар-Уя айылдык кеңешинин шайланган депутаты деп таанылып, Талас аймактык шайлоо комиссиясы “Шумкар-Уя айылдык кеңешиндеги бош калган депутаттык мандатты шайланган депутаттан кийин турган талапкерге өткөрүп берүү жөнундө” №14 - чечимин кабыл алган.
Борбодук шайлоо комиссиясыны жыйынында А. Тургунбай уулу чүчүкулак өткөрүлө тургандыгы тууралуу 2024-жылдын 12-декабрында кабарланганын тастыктап, 2024-жылдын 8-октябрында документтерин тапшыруу менен катталганын билдирди.
2024-жылдын 20-декабрында бул боюнча чыгыш №02-1-12/1668 кат менен А. Тургунбай уулуна Борбодук шайлоо комиссиясы тарабынан түшүндүрмө берилген.
Талапкер тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкерди каттоо жөнүндө чечим кабыл алган убактан тартып катталды деп эсептелет.
Борбодук шайлоо комиссиясыны аталган арызды карап чыгып жана тараптардын пикирлерин угуп, Талас аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 13-декабрындагы №14 – чечими мыйзамдуу жана негиздүү деп эсептейт.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарды шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. А. Тургунбай уулунун арызын канааттандыруудан баш тартылсын.
2. Талас аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 13-декабрындагы №14 - чечими күчүндө калтырылсын.
3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.К. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2024-жылдын 31-декабры
№ 328
