31.05.2024 №170 №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Чынгыз Сатыбалдыевич Сапарбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
№29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Чынгыз Сатыбалдыевич Сапарбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
2022-жылдын 30-майында №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Чынгыз Сатыбалдыевич Сапарбаев мурда сунуш кылган шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жөнүндө жана шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Т.О. Сыдыгалиевди дайындоо жөнүндө билдирди.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 30-майындагы №154 чечими менен №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Чынгыз Сатыбалдыевич Сапарбаевдин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталган Мамасали Турдумаматович Кадыровдун каттоосу жокко чыгарылсын.
2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Чынгыз Сатыбалдыевич Сапарбаевдин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мамасали Турдумаматович Кадыровго берилген каттоо ырастамасы анык эмес деп таанылсын.
3. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Чынгыз Сатыбалдыевич Сапарбаевдин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Тимур Омурбекович Сыдыгалиев катталсын.
4. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлүгө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамасы берилсин.
5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары - талапкерлер, саясий партиялар тарабынан сунушталган шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2024-жылдын 31-мая
№ 170