31.05.2021 № 104 Жарандарга, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, коммерциялык эмес уюмдарга КР БШКнын кайрулуусу

«Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 27-майындагы ПЖ № 231Жарлыгынаылайык,«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин жетекчиликке алып,жарандарды,шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн, мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарды, саясий партияларды, жалпыга маалымдоо каражаттарды, коммерциялык эмес уюмдардымаалымдоо максатында

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордуккомиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1.Жарандарга, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, коммерциялык эмес уюмдарга Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын кайрылуусунун тексти бекитилсин.

2.Ушул чечим жана кайрылуунун тексти Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси М. Конурбаевге жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 31-майы

№ 104