03.10.2021 №307 №2 Баткен шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Аширалиев Чынтемир Камчыбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

№2 Баткен шайлоо округу боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Аширалиев Чынтемир Камчыбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

№2 Баткен шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өзүн өзү көрсөтүү тартибинде талапкер катары көрсөтүлгөн Аширалиев Чынтемир Камчыбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө 2021-жылдын 1-октябрындагы (кириш № А-414) түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине, 601-беренесинин 3-бөлүгүнүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. №2 Баткен шайлоо округунан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн өзү көрсөткөн Аширалиев Чынтемир Камчыбековичтин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Матисаков Марс Бердибеков катталсын.

2. №2 Баткен шайлоо округунан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн өзү көрсөткөн Аширалиев Чынтемир Камчыбековичтин финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Талантбек кызы Айсулу катталсын.

3. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү каттоо ырастама берилсин.

4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 3-октябры

№ 307