03.10.2021 №301 Курманов Байыш Жантаевичти №30 Ысык-Ата шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
Курманов Байыш Жантаевичти №30 Ысык-Ата шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоодо өзүн өзү көрсөтүү тартибинде №30 Ысык-Ата шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер катары Курманов Байыш Жантаевичти каттоо үчүн берген документтеринин негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Курманов Байыш Жантаевич №30 Ысык-Ата шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер болуп катталсын.
2. №30 Ысык-Ата шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер Курманов Байыш Жантаевичке белгиленген үлгүдөгү күбөлүгү берилсин.
3. Бул чечим «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси, Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 3-октябры
№ 301