01.10.2021 №283 № 15 Базар-Коргон шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Алтынбеков Айбектин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө

 

2021-жылдын 23-сентябрында №15 Базар-Коргон шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Алтынбеков Айбек мурда сунуш кылган, шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жөнүндө, жана шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Эрмеков Канжарбек Миркасымовичти дайындоо жөнүндө билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 21-сентябрындагы № 254 чечими менен №15 Базар-Коргон шайлоо округу боюнча  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Алтынбеков Айбектин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары катталган Сагымбаев Айбек Токтосуновичтин каттоосу жокко чыгарылсын.

2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, № 15 Базар-Коргон шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Алтынбеков Айбектин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары катталган  Эрмеков Канжарбек Миркасымовичке берилген № 15 каттоо ырастамасы анык эмес деп таанылсын.

3. №15 Базар-Коргон шайлоо округу боюнча  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Алтынбеков Айбектин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Эрмеков Канжарбек Миркасымович катталсын.

4. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлүнө бекитилген үлгүдөгү каттоо ырастама берилсин.

5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.

6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ                                   Т. ШАЙНАЗАРОВ

 

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 1-октябры

283