13.11.2020 №272 Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 4-ноябрындагы № 23 чечими жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 25-октябрындагы № 253 токтому менен Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ак-Дѳбѳ айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 4-ноябрына, саат 9-00дѳн 12-00 чейин дайындалган.

Ак-Дѳбѳ айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан сунуш кылынган Айдаралиев Нургазы Сартбаевич катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жѳнүндѳ Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 4-ноябрындагы протоколунда Ак-Дѳбѳ айылдык кеңешинин 21 депутатынан 17 депутат катышканы белгиленген.

Добуш берүүдѳ Н. С. Айдаралиевге «макул» – 10 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» – 6 добуш берилип, 1 бюллетень жараксыз деп таанылган.

Шайлоонун натыйжалары жѳнүндѳ Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 4-ноябрындагы протоколунда Ак-Дѳбѳ айыл ѳкмѳтүнүн башчысы кызматына эч бир талапкер шайланган жок деп табылган.

2020-жылдын 4-ноябрында болуп ѳткѳн Талас облусунун Бакай-Ата районунудагы Ак-Дѳбѳ айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоодо Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен бюллетендердин бириндеги чарчыга тийиштүү белгинин ордуна «Х» белгиси коюлгандыгына байланыштуу 1 бюллетень жараксыз деп таанылгандыгын белгилеген.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген «Айыл ѳкмѳтүнүн башчыларын шайлоонун тартиби жѳнүндѳ» жобонун 32-пунктуна ылайык «бир талапкерден ашыкка белги коюлган, тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясынын мѳѳрү басылбаган же тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясынын мүчѳлѳрүнүн колу коюлбаган, ал боюнча добуш берүүчүнүн эркин билүүгѳ мүмкүн болбогон боюллетень жараксыз болуп саналат», деп көрсөтүлгөн.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген «Айыл ѳкмѳтүнүн башчыларын шайлоонун тартиби жѳнүндѳ» жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча 2020-жылдын 4-ноябрындагы № 23 чечими жокко чыгарылсын.

2. Бул чечимдин көчүрмөсү 2020-жылдын 4-ноябрындагы Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу № 23 чечимин мыйзамга ылайык келтирүү үчүн Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

3.Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктѳлсүн.

 

       ТӨРАГА                                                                          Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2020-жылдын 13-ноябры
№ 272