01.10.2024 №286 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жана өткөрүү боюнча жумушчу топторду түзүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ № 256 Жарлыгы менен дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүгө жана өткөрүүгө байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, шайлоо процессинин объективдүүлүгүн жана айкындыгын, талапкерлер үчүн бирдей жана акыйкат шарттарды түзүүнү камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын, саясий партиялардын жана башка органдардын жана уюмдардын аркеттерине (аркетсиздигине) же чечимдерине даттануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төмөндөгүдөй жумушчу топтору түзүлсүн:
- Маалымдоо жана үгүт эрежелеринин маселелери, арыз жана даттанууларды кароо боюнча жумушчу тобу;
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу көзөмөлдөө-текшерүү (шайлоолорду жана шайлоо фонддорун каржылоо) тобу;
- Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобу.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппараты аймактык шайлоо комиссияларына жана алар түзгөн жумушчу топторго усулдук жардам көрсөтсүн.
3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабековага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2024-жылдын 1-октябры
№ 286