26.06.2024 №230 №5 Ноокат шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Б.А.Мариповго карата Н.А.Заировдун арызы жөнүндө

2024-жылдын 24-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референду ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Б.А.Мариповдун атасы А.Марипов WhatsApp мессенджери аркылуу аудио билдирүү жөнөтүп, эгер талапкер Б.А.Марипов депутат болуп шайланса, белгилүү бир жеңилдиктерди жасоого убада берип, анын талапкерлигин шайлоодо колдоону өтүнгѳн аудио ѳтүнмѳлѳрү таркатылгандыгы тууралуу билдирген Н.А.Заировдон арыз келип түшкѳн (аудио жазуу тиркелет). Арыз ээси бул маалыматты текшерүүнү өтүнөт.

2024-жылдын 24-июнунда Н.А.Заировдун арызы Арыздарды жана даттанууларды кароо, маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топтун жыйынында каралып, талапкер Б.Мариповдун ыйгарым укуктуу өкүлү А.Набиеванын билдирүүсү угулду. А.Набиева талапкер Б.А.Мариповдун атасы А.Марипов учурда пенсионер болуп саналарын баяндады.

2024-жылдын 13-июнунда Борбордук шайлоо комиссиясынын №213 чечими менен А.Марипов №5 Ноокат шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Б.Мариповдун ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталган.

2024-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына №5 Ноокат шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Б.А.Мариповдун атасы А.Мариповго карата Н.А.Заированын ушуга окшош арызы (№З-21/2/3 26.06.2024-ж.) келип түшкѳн.

Арыздарды жана даттанууларды кароо, маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топ БШКга Н.А.Заировдун арызын канааттандыруудан баш тартууну сунуштайт.

Жыйында Ноокат районунун ИИБ башчысы Т.А.Өскөналиевдин маалыматы угулду, ал Н.А.Заировдун арызы боюнча Ноокат райондук ИИБнин кызматкерлери тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлгөндүгүн билдирди. Жыйынтыгында «кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу» кылмыш ишин козгоодон баш тартылган.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Арыздарды жана даттанууларды кароо, маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топтун чечимин эске алуу менен, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Н.А.Заировдун арызын канааттандыруудан баш тартылсын

2. Укук коргоо органдарынын маалыматы эске алынсын.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо, маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси У.Жылкыбаевге жүктѳлсүн.

 

ТѲРАГА                                                                                                        Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 26-июну

№230