23.09.2021 № 257 Сариев Акылбек Аблабековичти №33 Нарын шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө

 

2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоодо өзүн өзү көрсөтүү тартибинде № 33 Нарын шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер катары Сариев Акылбек Аблабековичти каттоо үчүн берген документтеринин негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 601, 61-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун корутундусунун негизинде,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Сариев Акылбек Аблабекович № 33 Нарын шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер болуп катталсын.

2. № 33 Нарын шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер Сариев Акылбек Аблабековичке белгиленген үлгүдөгү күбөлүгү берилсин.

3. Бул чечим «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси, Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА               Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 23-сентябры

№ 257