21.09.2021 №250 Өнүгүү-Прогресс» cаясий партиясынан Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен Сабиров Медербек Нурдиновичти жана Кочкорбаев Абдимуталип Калдарбаевичти чыгаруу жөнүндө

 

«Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө Сабиров Медербек Нурдиновичтен жана Кочкорбаев Абдимуталип Калдарбаевичтен Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына түшкөн арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын     3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Сабиров Медербек Нурдинович жана Кочкорбаев Абдимуталип Калдарбаевич «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынан Кыргыз  Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесинен чыгарылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоо жөнүндө» № 68 чечиминин талапкерлер Сабиров Медербек Нурдиновичти жана Кочкорбаев Абдимуталип Калдарбаевичти каттоо бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.   Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Н. Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                               Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 21-сентябры
№ 250