16.09.2021 №249 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына №31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча талапкер катары өзүн өзү көрсөткөн Сейтказиев Анаш Токтосуновичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына №31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча талапкер катары өзүн өзү көрсөткөн Сейтказиев Анаш Токтосуновичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

Жогорку Кеңешинин депутаттыгына №31 Чүй-Кемин шайлоо округунан өзүн өзү көрсөтүү тартибинде талапкер катары көрсөтүлгөн Сейтказиев Анаш Токтосуновичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө 2021-жылдын 15-сентябрындагы кир. № С-348 түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин, 601-беренесинин 3-бөлүгүнүн, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына №31 Чүй-Кемин шайлоо округунан талапкер катары көрсөтүлгөн Сейтказиев Анаш Токтосуновичтин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Кыдырназаров Талайбек Абдыбекович катталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына №31 Чүй-Кемин шайлоо округунан талапкер катары көрсөтүлгөн Сейтказиев Анаш Токтосуновичтин финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Сулайманова Жаныл Дуйшенбековна катталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына №31 Кемин шайлоо округунан талапкер катары өзүн өзү көрсөткөн Сейтказиев Анаш Токтосуновичтин катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү каттоо ырастамалар берилсин.

4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 16 - сентябры

№ 249