16.09.2021 №247 «Улуттар биримдиги элдик партиясы » саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө
«Улуттар биримдиги элдик партиясы » саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө
2021-жылдын 1-сентябрында «Улуттар биримдиги элдик партиясы» саясий партиясы мурда сунуш кылган, шайлоо жана финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө, жана шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары А.К.Казиевти жана финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары А.А. Туратбековнаны дайындоо жөнүндө билдирди.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 164 чечими менен «Улуттар биримдиги элдик партиясы» саясий партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары катталган Болотбеков Руслан Бейшенбековичтин каттоосу жокко чыгарылсын.
2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, «Улуттар биримдиги элдик партиясы» саясий партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Болотбеков Руслан Бейшенбековичке берилген № 3 каттоо күбөлүгү анык эмес деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 164 чечими менен «Улуттар биримдиги элдик партиясы» саясий партиясынын финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары катталган Аргынбекова Уулболсун Кубанычбекованын каттоосу жокко чыгарылсын.
4. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, «Улуттар биримдиги элдик партиясы» саясий партиясынан финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Аргынбекова Уулболсун Кубанычбековнага берилген № 3 каттоо күбөлүгү анык эмес деп таанылсын.
5.«Улуттар биримдиги элдик партиясы» саясий партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Казиев Айдарбек Калыевич катталсын.
6. «Улуттар биримдиги элдик партиясы» саясий партиясынын финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Абдылдаева Айнура Туратбековна катталсын.
7. «Улуттар биримдиги элдик партиясы» саясий партиясынын катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
8. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.
9. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 16 - сентябры
№ 247