15.09.2021 №246 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына №30 Ысык-Ата шайлоо округу боюнча талапкер катары көрсөтүлгөн Дурсунов Атамша Латифовичтин  ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына №30 Ысык-Ата шайлоо округу боюнча талапкер катары көрсөтүлгөн Дурсунов Атамша Латифовичтин  ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

Жогорку Кеңешинин депутаттыгына №30 Ысык-Ата шайлоо округунан өзүн өзү көрсөтүү тартибинде талапкер катары көрсөтүлгөн Дурсунов Атамша Латифовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө 2021-жылдын 13-сентябрындагы кир. № Д-346 түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин, 601-беренесинин 3-бөлүгүнүн, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына №30 Ысык-Ата шайлоо округунан талапкер катары көрсөтүлгөн А. Л. Дурсуновичтин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Зия Мамед Бадырханович катталсын.

2. Жогорку Кеңешинин депутаттыгына №30 Ысык-Ата шайлоо округунан талапкер катары көрсөтүлгөн А. Л. Дурсуновичтин финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Фазлиев Муратбек Шаисмаилович катталсын.

3. Жогорку Кеңешинин депутаттыгына №30 Ысык-Ата шайлоо округунан көрсөтүлгөн талапкер Дурсунов Атамша Латифовичтин катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү каттоо ырастамалар берилсин.

4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА Н.                                                                                             Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 15-сентябры

№ 246