15.09.2021 №245 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына №34 Жети-Өгүз шайлоо округу боюнча талапкер катары көрсөтүлгөн Малиев Арсланбек Касымакуновичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына №34 Жети-Өгүз шайлоо округу боюнча талапкер катары көрсөтүлгөн Малиев Арсланбек Касымакуновичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

Жогорку Кеңешинин депутаттыгына №34 Жети-Өгүз шайлоо округунан өзүн өзү көрсөтүү тартибинде талапкер катары көрсөтүлгөн Малиев Арсланбек Касымакуновичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө 2021-жылдын 13-сентябрындагы кир. № М-344 түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин, 601-беренесинин 3-бөлүгүнүн, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына №34 Жети-Өгүз шайлоо округунан талапкер катары көрсөтүлгөн А. К. Малиевдин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Атакулова Гулжамал Эсеналиевна катталсын.

2. Жогорку Кеңешинин депутаттыгына №34 Жети-Өгүз шайлоо округунан талапкер катары көрсөтүлгөн А.К. Малиевдин финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Джаныкулова Гульвира Сейдахматовна катталсын.

3. Жогорку Кеңешинин депутаттыгына №34 Жети-Өгүз шайлоо округунан көрсөтүлгөн талапкер Малиев Арсланбек Касымакуновичтин катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү каттоо ырастамалар берилсин.

4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                                                Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 15-сентябры

№ 245