12.09.2021 №243 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү ниети тууралуу «Таза Шайлоо Ассоциациясы» Юридикалык жактардын бирикмесинин билдирүүсү жана коомдук байкоочуларды каттоо жөнүндө

2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү ниети тууралуу «Таза Шайлоо Ассоциациясы» Юридикалык жактардын бирикмесинин билдирүүсү жана коомдук байкоочуларды каттоо жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-1-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин, 2021-жылдын 29-августундагы Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» ПЖ № 370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы № 226 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоонун тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, «Таза Шайлоо Ассоциациясы» Юридикалык жактардын бирикмесинин 2021-жылдын 10-сентябрындагы (кир.№01-14/2856) билдирүүсүнүн негизинде,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде байкоо жүргүзүү ниети тууралуу «Таза Шайлоо Ассоциациясы» Юридикалык жактардын бирикмесинен келип түшкөн билдирүү эске алынсын.

2. 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында «Таза Шайлоо Ассоциациясы» Юридикалык жактардын бирикмесинен коомдук байкоочулар болуп катталышсын:

- Бова Эдир Исмарович,

- Талканчиев Медер Неербекович.

3. 2-пунктта көрсөтүлгөн «Таза Шайлоо Ассоциациясы» Юридикалык жактардын бирикмесинин коомдук байкоочуларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

4. Бул чечим төмөн турган шайлоо комиссияларына 1-пунктта көрсөтүлгөн коммерциялык эмес уюмдун коомдук байкоочуларын мыйзамда белгиленген тартипте каттоо жана аларга белгиленген формадагы күбөлүктөрдү берүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү үчүн жөнөтүлсүн.

5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                                                                             Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 12- сентябры

№ 243